Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушов: Эң берекелүү тамак, адам өзүнүн маңдай тери менен тапкан тамак

Бүгүн, 17-декабрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушов өлкөнүн түштүк аймагына жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарынын борбордук «Имам аль-Бухарий» мечитинин жамааты менен жолугушуу өткөрдү.

Анда адал эмек, шүгүр келтирүү жана сабырдуулук боюнча өз баяндамасын жасады. 

«Колдо бар учурда шүгүрчүлүк кылуубуз керек. Эгер колубузда жок болсо, сабыр кылалы. «Сабырдын түбү сары алтын» деп бекеринен айтылган эмес. Мына ошондо бактылуулукка жетебиз. Эң берекелүү тамак, адам өзүнүн пешене териси менен тапкан тамак»- деди Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушов.