Азирети Муфтий Исфанадагы «Абдулло ибн Аббас» Ислам институнун абалы менен таанышып чыкты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев  Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Исфана шаарындагы “Абдулло ибн Аббас» атындагы медресесин зыярат кылды.

Анда медресесинин абалы менен таанышып, мугалимдер үчүн жыйын өткөрдү. Жыйында келечек муунду тарбияоонун маанилүүлүгү айтып, студенттерге туура тарбия берүү, Ханафий мазхабын жайылтууну күчөтү зарылдыгына токтолду.

«Мугалимге карап студент өсөт. Андыктан билим берүү менен гана эмес өзүбүздүн жүрүм-турум, кыймыл аракетибиз менен аларга үлгү бололу. Ошондой эле аларды мекенди сүйүүгө тарбиялоо керек»,-деди Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев.

Ошондой эле Азирети Муфтий медресенин кышка карата даярдыгы, шарттары менен таанышып чыгып, студенттердин  билим алуусу үчүн ыңгайлуу шарт түзүү маанилүү экендигин эскертти.

Соңунда Азирети Муфтий медресе үчүн өзүнүн белектерин тапшырып, окуу жайдын ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышуу иш-чарасына КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Акин Токталиев, БТК мүчөсү Бакыт ажы Нурдинов, Азирети Муфтийдин түштүк аймагы боюча кеңешчиси Махманаби ажы Арзыкулов, облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов катышты.