Ак-Суу районунун баш имам хатиби жегиликтүү жаштарды коомчулуктагы терс көрүнүштөрдөн оолак болууга үндөдү

Ысык-Көл облусунун  Ак-Суу районунун баш имам хатиби Асантур ажы Абдрахманов жергиликтүү укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана мектеп мугалимдери  менен бирге Теплоключенка айылындагы  Мамбет Мамакеев атындагы орто мектебинин жогорку класстагы окуучулары менен жоолугушуу өткөрдү.

Иш-чаранын алкагыда экстремизм, терроризм, зордук-зомбулук, мектептеги талап- тоноочулук өңдүү маселелер көтөрүлүп, алардын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүрдү.

“Мындай жолугушууларды  биз байма-бай өткөрүп келебиз. Бул жылы учурдагы коронавирус эпидемиясына байланыштуу чогулуштардын санын кыскарттык. Бирок жаштарга багыт берип, туура маалымат жеткирүү иштерин токтоткон жокбуз. Кезектеги  иш-чара мына ошондой аракеттердин бири. Бул сапар жыйынды суроо-жооп форматында өткөрүүнү туура көрүп, окуучуларды кызыктырган маселелер боюнча маалымат бердик”,— деди Ак-Суу районунун баш имам хатиби Асантур ажы Абдрахманов.

Белгилей кетсек, ушундай эле иш-чара буга чейин Баткен облусунун Лейлек районундагы  Ташболот Жапаров атындагы мектепте да болуп өткөн.