Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов менен жолугушту

Кечээ, 17-декабрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Баткен, Ош жана Жалал-абад облустарына болгон расмий иш сапарынын алкагында Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов менен жолукту.

Жолугушууга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жектекчиси Акин Токталиев, Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт ажы Нуридинов, ДИМКнын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жана Ош облустук мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев катышты.

Жолугушууда Азирети Муфтий облуска караштуу бардык диний кызматкерлер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте иш алып барусуу жана ар кандай коомдук көйгөйлөрдү чечүүдө диний кызматкерлердин орду чоң экенин баса белгиледи.

Иш-чара соңунда Азирети Муфий Максатбек ажы Токтомушев Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимовго Ыйык Куран китеби менен диний баяндар жыйнагын белек кылды.