Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев менен жолугушту

Кечээ, 17-декабрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жектекчиси Акин Токталиев Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда Азирети Муфтий шаардык жана облустук казыят жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып баруу керектигин билдирди.

Иш-чарага Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт ажы Нуридинов, ДИМКнын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Муразбеков, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жана Ош облустук мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев катышты.

Жолугушууда Ош шаарынын мэри Талайбек Сарыбашев, мамлекеттин бүтүндүгүн, эгемендүүлүктүн кадыр баркын билүү зарылчылыгана токтолуп, бул жаатта диний кызматкерлердин орду чоң экенин баса белгиледи.

Ошондой эле жаңы дайындалган Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жектекчиси Акин Токталиев диний адистердин коомдогу ордун баса белгилеп, Дин комиссиясы мамлекет менен диний чөйрөнүн ортосундагы көпүрө болуп ишин уланта берээрин билдирди.

Жыйынтыгында Азирети Муфий Максатбек ажы Токтомушев Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевге Ыйык Куран китеби менен диний баяндар жыйнагын белек кылды.