Ош шаарындагы «Абу Бакр Сыдык» мечитине жаңы килем төшөлдү

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу  Ош эл аралык аэропортунда жайгашкан «Абу Бакир Сыдык» мечитине жаңы килем салынды.

Демилге мечит имамынын жана жамаатынын аракети, Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын президенти Саюд Баюминин колдоосу менен ишке ашкан. 

«Жакшы инсандар себепчи болуп мечитибизге жаңы килем салынды. Бизге колдоо көрсөткөн Саид Баюми мырзага, Рыспек мырза баштаган жамаатка ыраазычылык билдиребиз. Алла Таалам баарынан ыраазы болсун», — деди аталган мечиттин имамы Хадис Нурматов.