Ноокаттын Кара-Таш айылында медресе бүтүрүүчүлөрүнө дипломдор тапшырылды

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айылындагы «Молдо Табылды ажы» медресесинде бүтүрүүчү студенттерге дипломдор тапшырылды.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол ажы Бакиров, Ноокат районунун башкы имам хатиби Музаффар ажы Турдубаев, медресе мүдүрү Убайдулло ажы Сатибаев, медресенин эмгек жамааты жана студенттер катышты.

Иш-чарада  Ош облусунун мусулмандар казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол ажы Бакиров Ислам динин асыл баалуулуктарын калк арасына жеткирүүдө диний окуу жайларды бүтүргөн студенттердин орду чоң экенин баса белгилеп, алардын мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

«Өлкөбүзгө күчтүү квалификациялуу кадрлар абдан керек. Ыйык Куранда ‟Билгендер менен билбегендер тең боло алабы” деп келет. Силердин бул жерде окуган илимиңер бул дүйнө үчүн да акырет үчүн да пайдалуу. Мындан ары да окууну токтотпостон, иимиңерди тереңдеткиле»,- деди окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол ажы Бакиров.