Ош облусунда райондун баш имам хатибтери казыяттын эмгек жамаатына жылдык отчетторун беришти

Ош облустук мусулмандар казыятында облуска караштуу райондун башкы имам хатибтери 2020-жылы аткарган эмгектери боюнча  казыяттын эмгек жамаатына жылдык отчетторун тапшырышты. 

Жыйынга Ош облустук мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, казыяттын эмгек жамааты жана райондун башкы имам хатибтери катышты.

Алар төмөнкү пункттар боюнча отчет тапшырышты:

  • Мечиттердин каттоосу;
  • №5 токтомдун ишке ашышы;
  • Үгүт-насаат иштери боюнча;
  • Жергиликтүү айылдык имамдардын ай сайын берилип тууручу отчет;
  • Кайрымдуулук иш-чаралары боюнча;
  • Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте аткарган иш-чаралар боюнча отчет.

Жыйынтыгында башкы имам хатиптер тарабынан көйгөйлөр айтылып, аны чечүү жолдору талкууланды.