Кара-Кулжа районунда айдоочуларга «Адам жаны аманат» аттуу иш-чарасы өткөрүлүүдө

Бүгүн, 18-декабрь күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районунда хатибият кызматкерлери айдоочуларга «Адам жаны аманат» аттуу түшүндүрүү иш-чарасын өткөрүшүүдө.

Кара-Кулжа райондук хатибиятынан билдиришкендей, иш-чара райондун алыскы жана жакынкы чөлкөмүндөгү айдоочуларга  жүргүзүлүүдө.

«Акыркы убактарда уналардын кагылышуулары өтө көп анан кооптуу болуп жатат. Кырсыктан бири да тирүү калбай калгандары да бар. Кырсык каш кабактын ортосунда. Бирок баарыбыз жол эрежесине баш ийип, мыйзамды сактасак мындай көрүнүштөр азаят деп  ишенем»,- деди Кара-Кулжа районунун башкы имам хатиби Дастан ажы Мамаев.