КМДБ «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоорунун жыл жыйынтыгын чыгарды

Бүгүн, 18-декабрда Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоорунун бир жылдык мөөнөт ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгарды.

Иш-чара Бишкектеги имам Сарахсий атындагы башкы мечитте конференция форматында өткөрүлүп, ага КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, “АВЕП” коомдук фондунун директору Нурлан Токонов жана медресе мүдүрлөрү, студенттер катышты. Анда долбоордун жетишкен ийгиликтери, мындан аркы максаттары талкууга алынды.

Иш-чарада Кыргызстандын түндүк аймагы боюнча долбоорго кирген 7 медресенин («Көлмө», «Биринчи кадам», «Абу Али Ибн Талиб», «Равза», «Чет тилдер кыздар», «Кутайба Ибн Муслим», «Ала-Тоо») студенттери өз колу менен жасаган эмгектерин көргөзмөгө коюшту. Анда тиричилик тамак-аштын түрлөрү, кийим-кече, тиричилик буюмдары жана башка бар.

“Аталган долбоордун диний медереселерде иштеп келе жатканына 5 жылдын жүзү болду. Ал убакыт аралыгында 2000ден ашуун улан-кыздар атайын 8 кесиптик багыт боюнча сертификаттарды алышып, жумуш менен камсыз болуп эмгектенүүдө. Алар өзүн гана эмес коомго, үй-бүлөсүнө пайда алып келип жатат. Биз мындай иш-чараларды өткөрүү менен диний мекемеде окуган улан-кыздарыбызды кошумча кесиптик билим алууга шыктандырып, алардын кызыгуусун артыруу менен мындай кошумча кесип тартуулоочу кыска мөөнөттүү курстардын зарылдыгын элибизге жеткиргибиз келди”,- деди Акимжан ажы Эргешов.

Көргөзмөгө атайын Талас облусунун «Чет тилдер кыздар» медресеси дагы келишкен. Алар кичинекей балдарга ылайыкташкан кийимдерди, кондитердик азыктарды, тамак-ашты көргөзмөгө коюшкан. Окуу жайдын мугалими Максүда Таштанбекованын айтымында, 3 жылдын ичинде 150 кыз тигүүчүлүк менен ашпозчулук кесибин дагы өздөштүрүп, диний билимге ээ болушкан.

“Медресени аяктаган кыздар албетте жумушсуз калышпайт. Көпчүлүгү иш менен камсыз болушуп, үй-бүлөсүнө жардам берүүдө. Кыздардын эмгегин жергиликтүү эл дагы баалап, атайын буйрутмалар түшө баштады. Тигүүчү болом деген кыздардын саны көбөйдү. Кошумча тигүүчү машина сатып алсак ишибиз мындан дагы ирденет деген ойдомун”,-деди Таштанбекова.

Медреселерге кесип үйрөткөн долбоор 2017-жылдан баштап ишке кире баштаган. Ушул күнгө чейин бул долбоор Кыргызстандын жети облусунан тандалып алынган 28 медреседе ар кандай багыттар боюнча кесиптик билим берүүдө.

Адистиктер: “Ашпозчу-кондитер”, “Ширетүүчү”, “Электромонтажник, “Тикмечи”, “Бал челекчи”, “Тиричилик техникаларын оңдоочу адис”, “Эмерек жасоочу уста”, “Слесарь-сантехник” жана “Компьютердик сабаттуулукка үйрөтүүчү адис” багытында үйрөтүлүп, жаштар үч айдын ичинде эле кесипке ээ болгон сертификаттарды алышууда. Алардын 65 пайызы жумуш менен камсыз болушкан.