Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев дин аалымы маркум Чубак ажы Жалиловдун кабырын зыярат кылып, анын рухуна багыштап Куран окуду

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапары учурунда мурдагы Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, дин аалымы  маркум Чубак ажы Жалиловдун кабырын зыярат кылып, анын рухуна багыштап Куран окуду.  

Андан соң Азирети Муфтий дин аалымы, маркум Чубак ажы Жалиловдун атасы Тажибай Жалилов менен жолугушуп, ал абалынан кабар алды. Азирети Муфтий  Чубак ажынын бул ааламдан өтүшү оор жоготуу экендигин айтып, анын кыргыз эли үчүн жасаган эмгектери, нускалуу кептери ар бир инсандын жүрөгүндө сакталып калаарын билдирди.

«Чындыгында дүйнөнү каптаган пандемия мамлекетибизге дагы өзүнүн кесепетин тийгизип, аны  менен катар кыргыздын чыгаан уул-кыздарын жоготтук. Албетте, бул бизге келген сыноо. Ар бир сыноонун артында жакшылыктар бар»,-деди Азирети Муфтий.  

Мурдагы Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, дин аалымы  маркум Чубак ажы Жалиловдун кабырын зыярат кылууга КР ДИМК директору Акин Токталиев, Борбордук Текшерүү Комиссиясынын мүчөсү Бакыт ажы Нурдинов барышты.