Жалал-Абад облустук казыятында дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгү бааланды

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закиров район-шаарлардын хатибтери жана медресе мүдүрлөрүнүн жыл ичинде аткарган иштеринин отчетун кабыл алды.

Анда дин кызматкерлеринин жетишкен ийгиликтери бааланып, муну менен катар келерки жылдарда мамлекетибизге, элибизге калыс кызмат кылууга  чакырды.

“Өлкөбүз быйылкы жылы оор күндөрдү башынан кечирди. Дүйнөнү каптаган кара тумоодон элибиз дагы жабыркады. Дин аалымдарыбыздан дагы ажырадык. Өзгөчө кырдаал учурунда дин кызматкерлерибиз четте турбастан мамлекетибизге кызмат кылууда активдүүлүгүн көрсөтө алды. Имамдарыбыз калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө, дарыгерлер жана укук коргоо органдарына жардам берүүдө айрыкча илдет күчөгөн шартта маркумду узатууда күчтөрүн, убактыларын жада калса өмүрлөрүн аяшпады. Баарыңыздардан Жараткан ыраазы болсун! Мындан ары да өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн, элибиздин саламаттыгы үчүн талыкпай кызмат кыла бериңиздер. Жараткан соопторун эселеп берсин!”,-деди облус казысы.