Ат-Башынын Ак-Моюн айылынын жаштары мечиттин дааратканасын салып беришти

Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылындагы жаштар өз демилгелери менен айылдагы мечиттин дааратканасын салып беришти. Бул тууралуу Ат-Башы райондук хатибиятынан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн 18-декабь күнү Ак-Моюн айылындагы мечиттин дааратканасынын ачылышы болуп өттү. Аталган даараткананы айылдын 10 жылдык мектеп бүтүрүүчүлөрү өз ыктыярлары менен каражат чогултуп салып беришкен.

«Даараткана бардык шарты менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Айылдын мындан туура 10 жыл мурда мектепти окуп бүтүргөндөрү өздөрү демилге көтөрүп чыгышты. Жалпысынан 250 миң сом акча каражаты чогултулуп, ошол эле 10 жылдыктар өздөрү куруп беришти. Мындай демилгени колго алып, заманбап даараткана салып берген жаштарга Алла Таалам ыраазы болсун»,- деп билдиришти хатибияттан.