Араванда айдоочуларга «Адам жаны аманат» иш-чарасы болуп өттү

Ош облусунун Араван районундагы унаа бекеттеринде райондун башкы имам хатиб Алибек ажы Жусупов жергиликтүү ЖКК бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте автобекеттеги айдоочуларга «Адам жаны аманат» апталык иш-чарасынын алкагында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Анда айдоочуларды жол эрежесин сактоого үндөп, адам өмүрүн алган жол кырсыктардан оолак болууга чакырды.

«Асфальт кара көрүнгөнү менен жолдор аябай тайгак. Мындан 3-4 күн мурун Оштун аймагындагы райондордо унаалардын кагылышуулары, жолдун четине ыргып кеткен унаалар көп болду. Кышында жазгы дөңгөлөктөр менен унаасын жүргүнчүгө толтуруп айдаган айдоочулар жок эмес. Ар бирибиз бул маселеге олутуу көңүл бурсак жол кырсыктары азаймак», — деди Алибек ажы Жусупов.