Муфтият лидер айымдар менен биргеликте «Үй-бүлө баалуулуктары жана бала тарбиялоо» аталышында жыйын өткөрүп, бүгүнкү күндөгү көйгөйлөрдү талкуулашты

Бүгүн, 17-декабрда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы «Достук» мейманканасында «Үй-бүлө баалуулуктары жана бала тарбиялоо» деген темада бир катар кайрымдуулук коомдук фонддордун, уюмдардын өкүлдөрү жана лидер айымдардын катышуусунда жыйын өткөрдү.  

Иш-чарага КМДБнын Аппарат жетекчиси Равшан ажы Эратов, КМДБнын окуу бөлүм башчысы Акимжан ажы Эргешов, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын аналитика бөлүмүнүн башчысы Гүлназ Исаева катышты.  

Иш-чара алкагында үй-бүлө маселеси жана зордук-зомбулуктун алдын алуу, балага туура тарбия берүү, никенин баалуулугу, билим алуунун зарылдыгы боюнча бир катар маселелер талкууга алынды.

Жыйынды балдар психологу Алтынай Кариева айымдарга бала тарбиясына көңүл бурууда алгач эмнеге басым жасоо керектигин, бүгүнкү коомдун балдары кандай? Бул жаатта өзүнүн тажрыйбасы жана ойлору менен бөлүшүп, катышуучулардын кызыктырган суроолоруна жооп берди.

“Балдарга туура таалим-тарбия берүү үчүн а дегенде үй-бүлөдө чоңдор тарбияны өзүбүздөн баштообуз милдеттүү. Өзүбүз аларга үлгү, күзгү болбой туруп аларга эмнени үйрөтөбүз! Бала көргөнүн жасайт. Азыркы коомдун балдары бир башкача. Мурун аларды башка бирөөгө салыштырчубуз. Азыркы балдар башкалардан өзгөчөлөнгүсү, жаңыча ой жүгүрткүсү келет. Көп учурда ата-энелер ал баланын шагын сындырып, мүмкүнчүлүгүн чектеп коебуз. Бул чоң жаңылыштык, бул биздин кемчилигибиз”,-деди Кариева.

Ал эми айымдар миграциядан бир нече балдар ата-эне мээримин көрбөй тарбия алып жатышканын, мектептерде “Ыйман” сабагын киргизүү зарыл экендигин сунушташып, мамлекеттик органдарга, Муфтиятка кайрылышты.

Жыйындын соңунда лидер айымдар тарабынан бир катар сунуштар, көйгөйлөр, ой пикирлер ортого салынып, мындай иш-чараларды байма-бай өткөрүп туруу керектигин билдиришти.