Нарын шаардындагы автобекеттеги айдоочуларга адамдын жаны аманат экени эскертилди

«Адам жаны аманат» иш чарасынын алкагында Нарын шаарындагы автобекетте жүргүнчү ташыган айдоочуларга жолдо жүрүү эрежелери, адам өмүрү аманат экени эскертилди.

Маалым болгондой, кечээ 15-декабрт күнү Нарын облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Эрик Молдокулов, Нарын ОИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Анда ЖКККБ кызматкерлери жолдо жүрүү эрежелерин так сактоо, кышкы дөңгөлөктөрдүн абалын жакшыртуу керек экендигин баса белгилеп айтышты.

Ал эми Нарын облусунун казысынын орун басары Эрик Молдокулов айдоочуларга жолдо жүрүү эрежелерин сактоо менен катар жүргүнчү катары түшүп жаткан жарандардын жаны аманат экендигин баса белгиледи.

«Жолдо жүрүүдө этияттаңыздар, акыркы убактарда жол кырсыктары көп катталып, адам өмүрлөрү кыйылып жатат. Ислам дининде адамдын жаны баалуу. Сиздер жүргүнчү ташып иштеп жатасыздар, жолдо жүрүүдө 90 чакырым ылдамдыктан ашып, кырсыкка учурап бул дүйнөдөн өтүп кете турган болсо өзүнүн жанын өзү кыйганга барабар деп айткан аалымдарыбыз бар. Ошондуктан эрежелерди так сактап, сиздерге жүргүнчү катары түшкөн адамдардын ден соолугу, алардын жаны аманат экенин билиңиздер. Мындан 2,3 жыл мурда Бишкектен Нарынга такси менен келе жатсам айдоочу айтат «бир күндө үчүнчү рейсимди каттап киши ташып келе жатам, уйкум келди» дегенинен анын ордуна унаасын айдап келген учурум болгон. Ошондуктан өзүңүздөрдү жана унааңыздарды жакшы карап, жолго чыгыңыздар»,- деди Эрик Молдокулов.

«Адам жаны аманат» иш-чарасы облустун бардык райондорунда анын ичинде Нарын шаарында жогорку деңгээлде өткөрүлдү.