Азирети Муфтий Лейлек районунун Кара-Булак айылында жерге берилген Үмүтбек Алтынбек уулунун ата-энеси менен жолугушуп, анын арбагына багыштап Куран окуду

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Баткен облусундагы иш сапары учурунда Лейлек районунун Кара-Булак айылында жерге берилген Үмүтбек Алтынбек уулунун ата-энеси менен жолугушуп, анын арбагына багыштап Куран окуду.  

Азирети Муфтий маркум Үмүтбектин жакындарына көңүл айтып, сабырдуулукка, кайраттуулукка чакырып, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын атынан көңүл айтты.

Үмүтбек Алтынбек уулунун ата-энеси менен жолугушууга  КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Акин Токталиев, БТК мүчөсү Бакыт ажы Нурдинов, облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов катышты.