Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Лейлек райондук хатибиятынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Баткен облусундагы иш сапары алкагында Лейлек райондук хатибиятынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты.

Райондун баш имам хатиби Абдиравшан ажы Дүйшөев 2020-жылдагы хатибияттын ийгиликтери жана алдыга коюлган иш мерчемдин аткарылышы боюнча маалымат берип, КМДБ жана облустук казыяттын тапшырмалары өз учурунда коомчулукка жеткирилип  жаткандыгын маалымдады.

Ал эми Азирети Муфтий ар бир дин кызматкери өзүнүн милдеттерин так аткаруусу керек экендигин, ар бир тапшырманы жоопкерчиликтүү аткаруу менен ийгилик болоорун баса белгиледи.

«Ар бир инсан күнүгө өзүнөн отчет алып туруусу зарыл. Андыктан жыл жыйынтыгын чыгарып, отчётторду өз учурунда облустук казыятка берип туруу керек. Муну менен катар эл жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен алаканы бекемдөө маанилүү»,-деди Азирети Муфтий.

Хатибияттын ишмердүүлүгү менен таанышуу иш-чарасына КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Акин Токталиев, БТК мүчөсү Бакыт ажы Нурдинов, облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов катышты.