Баткен районунда имамдын демилгеси менен муктаж үй-бүлөлөргө 4 тонна көмүр таркатылды

Баткен районунун Бай Кара-Бак  айылындагы муктаж үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таратылды. Кайрымдуулук иш-чарасы мечит имамы Абдурахман Гапаровдун демилгеси менен уюштурулду.

“Ислам дининде алган колго караганда берген кол артык» деп айтылат. Ошондуктан бул сөзгө амал кылуу максатында демөөрчүлөрдүн колдоосу менен муктаждарга соопчулук иштерин уюштуруп жатабыз”, – деди айыл имамы Абдурахман Гапаров.

Жардам алган үй-бүлөлөр ишкерге ыраазычылык билдиришти.

Ушундай эле жардам райондун башка айылдарында ишке ашып жатат . Ал эми көмүр Сүлүктүдөн алынып келинген.