Курбанали Ноорузов: Жаштарга туура багыт берип, адептүүлүккө чакыруу учур талабы

Баткен облусунун Лейлек районунун хатибиятынын кызматкери Курбанали Ноорузов аймактагы Ташболот Жапаров атындагы мектепте окуучулар менен жолугушуу өткөрдү.

Анда окуучуларга адептүүлүк, өз өмүрүнө кол салуунун кесепети, жаштарды билимге кызыктыруу жөнүндө баяндамасын жасап, окуучулардын мындан аркы окуусуна ийгиликтерди каалады.

Иш-чарага  мектептин директору, мугалимдер жана Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдө  менен иштөөчү  укук коргоо кызматкери катышты.

«Биз, келечек муундарыбызга жакшы тарбия берип, аларга туура багытты көрсөтүп, китеп окууга кызыктырышыбыз керек. Жаштар өлкөбүздүн келечеги аларга туура үлгү көрсөтүү биздин милдет»,-деди Курбанали Ноорузов