Кызыл-Кыяда дин кызматкерлери коомчулукту санитардык эрежелерди так сактоого чакырышты

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Кызыл-Кыя шаардык хатибияты өлкөбүздөгү эпидемиологиялык кырдаалга   байланыштуу тажы илдетин алдын алуу максатында коомчулукту беп кап тагынып, санитардык эрежелерди сактоого чакырышты.

Бул тууралуу Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы Кожониязов билдирди.

«Жараткан сактанган пендесин сактайт. Өзүбүздүн жакындарыбыздын өмүрүн сактоо үчүн оорунун жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дин кызматкерлери менен биргеликте кызматташып жатабыз жана коомчулукту  түшүндүрүү ишин жүргүзүүдөбүз»-, деди Мукадас ажы Кожониязов.