«Сулайман-Тоо» мечитинде уюштурулган «Турмушка даярдоо» курсунун активдүү катышуучуларына ыраазычылык баракчалар тапшырылды

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу борбордук «Сулайман-Тоо» мечитинде уюштурулган «Турмушка даярдоо» окуу курсуна активдүү катышгандар үчүн Ош шаардык мусулмандар казыяты тарабынан ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Ош шаардык казыяты тарабынан берилген ыраазычлык баракчалар окууга активдүү катышкан жана өзүнүн жүрүм-туруму, адеп-ахлагы менен башкаларга үлгү болгондор үчүн гана берилди. Ошону менен бирге мындай сабактарды уюштурууда жакындан жардам көрсөткөн кыздардын төрайымына «Ардак грамота» тапшырылды. 

«Жаштар тарбиясын оңдоо үчүн эң алгач аялдарга түшүндүрүү иштерин көбүрөөк жүргүзүү керек. Анткени бала үйдө энесинен тарбия алат. Бул окуу курсуна катышкан аялдар ата-энени сыйлоо жана балага туура тарбия берүү багытында бир топ маалыматтарга ээ болушту. Буйурса жалпы аялдар Курманжан датка энебиздей такыба болуусун Аллахдан тилеп дуба кылабыз», — деди Убайдулла ажы Сарыбаев.

Айта кетсек, жоолук күнүнө карата «Турмушка даярдоо» курсунун катышуучуларынын ар бирине жоолук белекке берилди.