Москвада мекендештер элибиздин амандыгын, тынчтыгын тилеп, түлөө өткөрүштү

Кечээ, 7-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россиядагы өкүлү Сүйүнбек ажы Жусубалиев Москва шаарында эмгектенген мекендештердин катышуусунда өткөрүлгөн түлөөгө катышты.

Түлөө «Талас-Биримдиги» коомдук бирикмесинин төрагасы Надырбек Сооронбаев тарабынан уюштурулуп, ага 200дөн ашуун мекендештер, Кыргызстандын Россиядагы өкүлчүлүгү, миграция жана диаспоралардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада Сүйүнбек ажы Жусубалиев мекенинен алыс жүргөн мекендештерди Ислам дининин асыл баалуулуктарын бекем карманууга, үй-бүлө баалуулуктары, биримдик жана ынтымак туурасында баяндамасын жасады.