Ысык-Көлдө дааватчылардын билимин жогорулатууга багытталган бир айлык окуу курсу аяктады


Ысык-Көл облустук мусулмандар казыяты тарабынан уюштурулган Ханафий мазхабындагы “Ислам таануу” (фыкх, акыйда, Куран тажвид) багытында дааватчылардын илим деңгээлин жогорулатуучу бир айлык окуу курсу аяктады.

Окууга Жети-Өгүз, Ак-Суу райондорунан жана Каракол шаарынан 15 тургуну келип катышып, Ханафий мазхабынын негизинде матуриди акыйдасы, Курандын эрежелери, фыкх, акыйда, Куран тафсири, Куран тажвид жана дааваттын эрежелери тууралуу маалымат алуу менен бирге хадис, дубаларды да жатташты. Бул тууралуу облустук казыяттын үгүт-насаат жана билим берүү бөлүмүнүн адиси Талгат Соноев билдирди.

“Бул окуунун башкы максаты дааватчылардын билимин жогорулатуу болуп эсептелет. Бир айга созулган курсубуздун жүрүшүндө 8 негизги сабак уюштурулуп, ортодо кайталоолор да болду”,— деди Талгат Соноев.

Белгилей кетсек, аталган окуу Жети-Өгүз районунун борбордук мечитинде орун алып, сабактарды облустук казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Талгат Соноев, Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу жана шариат адистери Данияр Алышбаев менен Максат Кадырбеков өттү.

Өз кезегинде окуунун уюштуруучулары катышуучуларга бир айлык курсту ийгиликтүү аяктагандыгын тастыктаган облустук казыяттын атайын сертификаттарын тапшырышып, алган билимдерине амал кылууга чакырып кетишти.

“Илим бул түгөнгүс байлык, илимди Аллах Таала өзү жакшы көргөн адамга насип кылат. Пайгамбарыбыз (С.А.В) айтты: илим талап кылуу ар бир мусулман эркек, аялга парз. Аалымдар «илимди бешиктен баштап кабырга чейин алгыла» деп айтып келишет. Илимди алгандан кийин ага амал кылуу керек. Адам канча көп илим ала берсе ошончо наадандыктан жана сабатсыздыктан арылат”,— Талгат Соноев.