Баткен казыяты аялдар үчүн “Ыйман жан дүйнө азыгы” деген темада окуу семинарын өткөрдү

Бүгүн, 9-февраль күнү  Баткен облустук мусулмандар казыятын тарабынан аялдар үчүн “Ыйман жан дүйнө азыгы” темасында лекция уюштурулду.

Иш-чара алкагында  облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов аталган темада баяндамасын жасап, Исламдагы аялзатынын ордуна токтолду. 

Анда үй-бүлө курууда бойго жеткен кыздарды убагында турмушка берүүнүн зарылдыгын, аларды турмушка даярдоодо Исламдын принциптерине маани берүү пайдалуу экенин баса белгилеп, балага тарбия берүүдө эненин курсагында болгон кезден калыптанаарын айтты.

“Эне баланы эмизип турган абалда ар түрдүү жаман адаттан көзүн сактасын, себеби эненин көзү аркылуу кабыл алынган адаттар сүт аркылуу балага өтөт. Балага жаңы төрөлгөн чүрпө кезинде кулагына жакшы сөздөрдү айтып, тарбия берүү маанилүү. Баланын тарбияны кабыл алууга муктаж учурун ар бир ата-эне байкап, ошол кезде балага ушак, гыйбат сөздөрдү угузуудан сактап, жакшы өрнөктөрдү үйрөтүүсү зарыл. Эне деген мектеп — бул коомдун келечегин тарбиялоонун башаты»,-деди Пазыл ажы.

Иш-чара соңунда облус казысы аялдара тиешелүү атайын китептерди белекке берди.