Ысык-Көл районунун хатибияты ыраазычылык баракча менен сыйланды

Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун акимчилиги өткөн жылы дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус пандамиясынын биринчи толкунунда COVID-19 вирусунун жайылышын алдын алуу  жана ага каршы күрөшүүдө элди ынтымак менен биримдикке чакырып, ар тараптуу колдоо көрсөткөн мамлекеттик кызматкерлер,  жергиликтүү уюмдар жана ыктыярчыларга ыраазычылык каттарын  тапшырды.

Аталган апаатта жигердүү көмөгүн көрсөтүп, элге моралдык жана материалдык жардам  бергендиги үчүн райондун  хатибияты да алкышка татып, тийиштүү сыйлыкка да ээ болду. Бул тууралуу аймактын баш имам хатиби Максат ажы Сейталиев билдирди.

Маалыматка ылайык, хатибияттын кызматкерлери жана демөөрчүлөр болжол менен 210 000 миң сомдой каражат топтошуп, ал акчага район аймагындагы  жетимишден ашуун жардамга муктаж үй-бүлөгө азы-түлүк алып беришкен.

Мындан сырткары дин өкүлдөрү жергиликтүү башкаруу органдары менен бирге иш алып барышып,  пандемия маалында кырдаалды жөнгө салууда бардык тийиштүү талаптарды аткарышкан.

“Пандемия жарыяланып, коронавирус оорусу күчөй баштагандан тартып жергиликтүү хатибияттын өкүлдөрү ак халатчандар жана мамлекеттик ведомстволор менен тыгыз иш алып барып жаттык. Тактап айтканда ыктыярчылардын катарында болуп, эпидемиологиялык кырдаалдын шартында үйүнөн чыга албаган, муктаж үй-бүлөөлөргө тийиштүү жардамыбызды бердик. Демөөрчүлөр чогулткан азык-түлүктү таратып, 6-7 айылда кызмат кылдык»,-деди Максат ажы Сейталиев.