Манас районунда жардамга муктаж 64 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Талас облусуна караштуу Манас райондук хатибиятына Бишкек шаарынан садака жарыя кылган эр жигиттер тарабынан гуманитардык жардам катары азык-түлүктөр жиберилди. Ар бир баштыкчада 28 килограммдан  азык-түлүк камтылган.

Анын ичинде 10 кг ун, 5 кг макарон, 5 кг кант, 5 литр май, 3 кг күрүч баардыгы биригип 64 баштыкча даярдалды. Жогорудагы  азык-түлүктүн баасы 1500 сомду камтып, жалпы суммасы 96000 сомго жетти. Пакровка айылындагы «Нурмолдохмат» жана  элдик мечити тарабынан Кайыңды, Жайылган, Баласаруу,  Үч — Коргон айылынын аз камсыз тургундарынын өз дарегине имамдар аркылуу жеткирилип берилди. 

«Биздин районубузга колдоо көрсөтүп, жалпы  кол сунган инсандарыбыздан Аллах ыраазы болсун, иштерине береке берсин. Ошондой эле өз дарегине жеткирип бергендерге Кудай Таалам ишиңерге ийгиликтерден жана ойлогон максаттарга жеткизсин. Эки дүйнө бактылуу инсандардан болушсун», —   деди Манас райондун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев.