Талас шаарында эл аралык жоолук күнү белгиленди

Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүнө карата Талас шаарында эл аралык жоолук күнү белгиленди. Иш-чарага бир катар мамлекеттик кызматкерлер, коомдук активисттер жана дин өкүлдөрү катышышты.

Иш-чарада аялзатынын  аруулугун, сулуулугун даңазалаган жоолуктун касиети тууралуу пайдалуу маалыматтар айталды.

Талас облустук казыятынын иш башкармасынын жетекчиси Медер ажы Сагынбаев динибиздеги жоолук оронуунун пайдасы жана өзгөчөлүгү боюнча баяндап, жаштарды адептүүлүккө чакырды.

«Динибизде бойго жеткен ар бир кыз-келиндерге башына жоолук салууну парз болуп эсептелет. Аялзаты алсыз, назик, асылзат. Ошондуктан Алла Таала аялдарды камкордукка, дайыма коргоого алууга буйруган. Биз азыртан баштап кыздарыбызды жолук салынууга үйрөтөлү жана жоолуктун маанисин түшүндүрөлү»,- деди ал.