Ош шаарында «Алымбек датка» атындагы жаңы заманбап диний окуу жай курулууда


Ош шаарында «Алымбек датка» атындагы курулуп жаткан жаңы диний окуу жайдын курулуш иштери менен Ош шаардык мусулмандар казыятынын чарба курулуш жана мечиттер адиси Номан уулу Муктарбек жеринен кабар алып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Имарат 5 кабаттан турат. Аны бардык шарты менен бүткөрүү пландаштырылган. Бүгүнкү күндө имараттын ички бөлүгү жасалууда.

«Сөздө айтууга оңой, аткарууга келгенде кыйын. Эл үчүн жасап жаткан кызматыңыздардан Аллах ыраазы болсун. Бул диний окуу жайдан Куранды толук жаттаган карылар жана аалымдар чыгат деген ишеничтебиз»,- деди Номан уулу Муктарбек.

Айта кетсек, «Алымбек датка» атындагы диний окуу жайынын курулуш иштеринин негизги демөөрчүсү «Сулайман-Тоо» фонду болуп саналат.