Кичи-Кеминде «Зордук-зомбулуктун кесепеттери» тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Чүй облусунун Кемин райондук хатибияттын жылдык иш мерчеми боюнча, Кичи-Кемин айылынын окуучуларына «Зордук-зомбулуктун кесепеттери» тууралуу түшүндүрүү иш-чарасы болуп, атайын лекция уюштурулду.

Аталган иш-чарага Кичи-Кемин айылынын имамы Кубанычбек Мустапаев, айыл аксакалы Эсен Жапаров, айыл өкмөт башчысы Каныбек Иманалиев, «Кичи-Кемин» орто мектебинен директору жана жогорку класстын окуучулары катышышты.

Иш-чара алкагында Кичи-Кемин айылынын имамы Кубанычбек Мустапаев окуучуларга билим алуунун зарылдыгы, зордук-зомбулуктун кесепеттери жана мугалимдерге жакшы мамиле кылуу боюнча лекция өтүп, төмөнкүлөргө токтолду:

«Илим бул – ийне менен кудук казган сымал. Ар бирибиз жакшы билим алганга умтулуубуз керек. Анткени, келечекте илим-билимден артта калып кете турган болсок, анда сабатсыз адистер пайда болуп, өлкөбүздүн өнүгүп өсүшүнө жолтоо болуп калат. Зордуктун аягы караңгылыкка алып келет. Эч кимдин акысын жебейли. Ар бирине жооп бере турган күн келет. Илим алуудагы эң чоң курал бул – мугалим болот. Ага татыктуу мамиле жасоо билимдүү болуунун эң биринчи тепкичи», — деди айыл имамы.