Аламүдүн райондук хатибияты боор оорусунан жабыркаган жаранга жардам көрсөттү


Чүй облусунун Аламүдүн районунун хатибияты боор оорусунан жабыркап, жардамга муктаж болуп жаткан жалгыз бой эне Раат Айтматовага акчалай жардам көрсөттү.

Аталган кайрымдуулук иш-чара Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркуловдун демилгеси менен уюштурулуп, ага жергиликтүү жамаат салым кошкон.

Иш-чара алкагында 15 000 сом чогулуп, толугу менен Раат Айтматовага тапшырылды.

Баш имам хатибдин айтымы боюнча каражат мечитке келип жүргөн жамааттын жардамы менен, жума күнү топтолгон.

«Аллах Таала бизди бул жашоого сыноо үчүн жараткан. Ар бирибиздин башыбыздан сыноо бар. Кудай Таала бул эжени оору менен сынаган экен. Эми бул Кудай Тааланын тагдыры, буга баш ийбегенге аргабыз жок. Аллах Таала ушул оорудан эжебизге толук шыпаа берип, даражаларын көтөргөн болсун!»,-деди Абдурахман ажы.

Өз учурунда Раат Айтматова ыраазычылыгын билдирип, жалпы кайрымдуулукка колун сунган жарандарга батасын берди.