Кадамжайдын мечит имамдары ашар жолу менен курулуп жаткан Кара-Жыгач- Тамаша жолунун курулуш иштеринен кабар алышты

Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылында ашар жолу менен Кара-Жыгач-Тамаша жолу салынууда. Кыштын суугуна, аба ырайынын катаалдыгына карабай жолду оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө.

Кечээ, 7-февралда Кара-Жыгач айылынын аксакалдары, молдо Сапарбек Машрапов баш болгон айыл имамдары Абдухалил Турдукулов, Айбек Кузибеков жана мечит жамааты жол куруучулардын ал-абалын сурап, кабар алышты.

«Жол салуу кыяматка чейин уланып туруучу сооптуу иш,  аны баштап колдоо көрсөткөн жалпы элге жана «Жаңы айыл кыймылынын» лидери Асуан Жакыповго ыраазычылык билдиребиз»,- деди Айбек Кузибеков.

Ал эми айыл тургуну, уюштуруучу Абжамил Насиров дин кызматкерлерине айыл элинин атынан ыраазычылык айтып, курулуп жаткан жол 3 айылдын башын бириктирмекчи.

«Кудайым буйруса жолубуз бүтсө, Майдан, Марказ, А.Масалиев айыл өкмөттөрүнө тиешелүү 5500га үлүш жерлерге, элибиз эрте жазда, кар кетиши менен эгин эгип, мол түшүм алып, пайдалануусуна бир топ ыңгайлуу болмокчу»,-деди ал.

Иш-чара соңунда дин кызматкерлери жумушчулардын иштерине ийгиликтерди каалашып, Куран аяттарынан окуп дуба кылып, ашар иштерине жардам беришти.