Бакай-Атанын Өзгөрүш айылында мындан ары спирт ичимдиктери сатылбайт!

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш  айыл өкмөтүндө облус казысы Таалай ажы  Бапиевдин демилгеси менен жергиликтүү айылдын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Таалай ажы  Бапиев  айылдагы  дүкөн ээлерине кайрылып, спирт ичимдиктерин сатуунун кесепети, анын жергиликтүүлөргө тийгизген терс таасири, арак болгон жерде береке качаарын баса белгилеп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Жыйындын соңунда дүкөн ээлери бүгүндөн тарта спирт ичимдиктерин сатпоого сөз беришип, казынын, айылдаштарынын сунушун колдоого алаарын белгилешти.

Мындай аракет эми Бакай-Ата районунун башка айылдарында дагы уланмакчы.