Абдишүкүр ажы Нарматов: Денебизди тамак-аш менен азыктандырган сыяктуу, жан дүйнөбүздү ибадат менен азыктандыруу керек

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, КИУнин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов Ош шаарына жасаган илимий сапарынын алкагында борбордук «Сулайман-Тоо» мечитинде уюштурулган «Турмушка даярдоо» окуу курсунун катышуучулары үчүн «Тооба» деген темада өз баяндамасын жасады. 

«Аллахты сүйүү — бул  анын буйруктарын так аткаруу болуп саналат. Буйруктарды аткарууда жүрөк маанилүү болгондуктан тооба кылып, жүрөгүбүздү күнөөлөрдөн тазалоо керек. Денебизди тамак-аш менен азыктандырган сыяктуу, жан дүйнөбүздү ибадат менен азыктандыруу керек»,- деди Абдишүкүр ажы Нарматов.

Айта кетсек, 2019-жылдын февраль айынан баштап, «Сулайман-Тоо» мечитинде «Турмушка даярдоо» окуу курсу ар жуманын жекшемби күнү аялдар үчүн өткөрүлүп келүүдө.

Анда айымдарга үй-бүлө баалуулуктары, Ислам дининин асыл баалуулуктары, бала тарбиясы тууралуу пайдалуу насааттар айтылмакчы.