Өзгөндө «Жоолугум менин сыймыгым» аттуу иш-чара болуп өттү

1-февраль – Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүнө карата Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында жайгашкан «Абдираим кары» атындагы медреседе «Жоолугум менин сыймыгым» аттуу иш-чара болуп өттү.

Аталган саамалыкка Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, казыяттын аялдар бөлүмүнүн башчысы Жамийла Жапашова, медресе мүдүрү Абдуррахман кары Атабаев, Муса кары Атабаев, медресе мугалимдери жана талаба кыздар катышты.

Аялдарга арналган иш-чарада Самидин кары Атабаев жоолуктун пазилеттери тууралуу сөз кылып,  аялдарды жоолук күнү менен куттуктады.

«Жоолук салынуу, оронуу – парз. Жоолук салуу – ибадат. Биз кымбат нерселерибизди жаап-жашырабыз, оройбуз, сактайбыз. Табиятта да ошондой. Бермет, жакут, изумруд өңдүү асыл таштар да катылуу эмеспи. Алла Таала аялзатын ардактуу, кымбаттуу кылып жараткан. Демек, момун аялдардын оронушунун хикматы өтө зор»,  – деп билдирди облус казысы.

Концерттик программа сахналык көрүнүш менен коштолуп, келгендерге атайын белектер берилди.