Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Абдулазиз ажы Абдурахманов мечиттерде жазга карата көрктөндүрүү иштерин баштоого чакырды

Ош шаарындагы Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Абдулазиз ажы Абдурахманов «Амир-Темир» муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан мечиттерге зыярат кылды. Текшерүү учурунда мечиттердин тазалыгына көңүл буруп, жазга карата көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.

«Жазга карата ар бир мечитте дарак отургузуп, мечиттин айланасын жашылдандыруу жана тазалоо иштерин жүргүзөлү. Мусулман адам башкаларга үлгү болуусу үчүн ибадат кылуучу жерин таза кармануусу керек. Азыртадан жазгы ишембилик иштери үчүн даярдыктарды көрүңүздөр»,-деди Абдулазиз ажы Абдурахманов.

Ошону менен бирге мечитке тийешелүү төмөнкү буюм-тайымдардын болуусу керектигин билдирди.

  1. Жаназа үчүн анбар (маркумду жуу үчүн да шарттар түзүлүүсү керек)
  2. Видео байкоо (өзгөчө жума окулуучу мечиттерде болуусу шарт)
  3. Аптечка (Биринчи жардам үчүн керектелүүчү дарылардын болуусу)
  4. Өрт коопсуздугу үчүн (огнетушитель, кум, балта ж.б.)