Ош шаарында азанчылар үчүн окуу курсу башталды

6-февралдан тарта Ош шаарындагы Ак-Буура чыгыш хатибиятына караштуу «Манас-Ата» МАБда жайгашкан мечиттердин азанчылары үчүн «Имам аль-Бухарий Алай» мечитинде бир айлык окуу курсу башталды. 

Мындай окутуу Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаевдин тапшырмасынын негизинде мечиттердеги азан айтууну жашыртуу максатта өткөрүлүп жатат.

Анда эки адис азан айтуу боюнча фикхий маселелер жана тажвид, кыраат боюнча окутууларды жүргүзүүдө.

«Азан айтып, элди намазга чакыруу чоң соопту амалдардын бири болгондуктан, ал амалды майын чыгарып аткаруу керек. Баарысына ыңгайлуу болуусу үчүн жумасына бир жолу сабак болуп, тапшырма берилет. Кийинки жуманын ишемби күнүнө чейин ошол тапшырмаларды беш убак намазга азан айткан сайын колдон келишинче оңдоп-түзөөгө аракет жасайт,»-деди Абдулазиз ажы Абдурахманов.