Жети-Өгүздө жаштарды адептүүлүккө чакырган баяндамалар байма-бай өткөрүлүүдө

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жаштарды адептүүлүккө чакырган баяндамалар байма-бай өткөрүлүп келет. Анын алкагында жергиликтүү жаштарга таалим сабактары уюштурулуп жана аны менен бирге Куран жаттагысы келгендер үчүн алиппе Куран үйрөтүлүүдө. Бул тууралуу райондун баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу билдирди.

Маалыматка ылайык аталган окуулар Кызыл-Суу айылындагы аймактын борбордук мечитинде орун алып, ага Саруу, Ак-Терек, Оргочор жана Шалба өңдүү жакын жайгашкан айылдарынын тургундары дагы келишүүдө.

“Бүгүнкү күндө кыркка чукул жаш жеткинчек өз каалоосу менен келип, бизден билим алып жатат. Окутуу дем алыш күндөрү, тактап айтканда ишемби жана жекшемби күндөрү гана өткөрүлөт. Сабактардын жүрүшүндө биз жаштарга таалим-тарбия, адептүүлүк, ыйман туурасында түшүндүрүп, андан сырткары  алиппе Куранды да үйрөтүүдөбүз. Учурда алардын арасында бир пара Куранды  толук жаттагандар бар”, — деди Талантбек Акылбек уулу.