Кемин шаарындагы муктаж үй-бүлөлөргө 100 мүшөк көмүр таратылып, акчалай жардам берилди


Чүй облусунун Кемин районунун баш имам хатиби Куттубек ажы Дүйшөбаев маалымдагандай, Кемин шаарындагы муктаж үй-бүлөлөргө көмүр жеткирилди.

Иш-чара алкагында шаар ичиндеги муктаж 20 үй-бүлөгө, ар бирине 5 мүшөктөн, жалпысынан 100 мүшөк көмүр акысыз таратылды. Ошону менен катар аларга жалпы суммасы 10 000 сомдон ашуун акчалай жардам көрсөтүлдү.

Бул иш-чараны өз ысымдарын атагысы келбеген Кемин шаарынын тургундары уюштурушкан.

Кемин районунун баш имам хатиби иш-чараны уюштуруучуларга өз ыраазычылыгын айтып, аларга батасын берди.

«Берешендүүлүк өтө чоң сыпат болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз (сав), сахаабалар, аалымдар, чоң-чоң олуялар бардыгы берешен болгон. Биздин Жаратуучубуз Аллах Таала да өтө Берешен Зат. Бул сыпатты колдон чыгарбайлы. Кудайым буюрса үзүрүн бул жашоодо да, акыретте да көрөбүз», — деди Куттубек ажы Дүйшөбаев.