Кара-Жыгач айылындагы муктаж үй-бүлөлөргө 60 000 сомдук азык-түлүк таратылды


Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылында кайрымдуулук иш-чарасы өтүп, айылдагы муктаж үй-бүлөлөргө күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр жеткирилип берилди. Бул боюнча Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов билдирди.

Анын айтымында аталган кайрымдуулук иш-чара Кара-Жыгач айылынын имамы Таиржан ажы Ибрагимовдун демилгеси менен ишке ашып, ага кайрымдуу айыл тургундары демөөрчүлүк кылышкан.

Иш-чара алкагында жалпысынан 60 000 сом каражат топтолуп, ага күнүмдүк турмушка керектелүүчү ун, күрүч, суу май жана башка азык-түлүк алынып, айыл ичиндеги колу жука 18 үй-бүлөгө тапшырылды.

«Кайрымдуулук бул – аны аткарып жаткан адамга ырахат тартуулай турган амал. Башка бирөөнүн муктаждыгына көмөк көрсөткөндөрдүн муктаждыгын Аллах Таала Өзү бүтүрөт. Мындай иш-чаралар районубузда байма-бай уюштурулуп турат. Алардын кээ бирлери айтпай коюуну өтүнүшсө, айрымдары башкаларга да түрткү болсун деп ачык аткарышат. Жараткан Аллах Таала бардыгыбыздын жасап жаткан кайрымдуулук садакаларыбызды кабыл кылсын»,-деди баш имам хатиб Абдурахман ажы Анаркулов.