Жалал-Абад шаарында жоолук күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятында облустук  казыяттын аялдар менен иштөө бөлүмү тарабынан  жоолук жумалыгына карата иш-чара уюштурулду.

Иш-чараны устаза Гулсара Каримованын демилгеси менен белгиленип, анда катышуучуларга түркүн-түстөгү жоолуктар белекке берилди. Облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков жоолуктун мааниси анын шарияттагы орду жөнүндө айымдарга өз баяндамасын жасады

Алла Таала аял затын жоолук оронуп жүрүшүн Куранда парз кылган. Кээ бир учурларда кайсыдыр эже-карындаштарыбыздын арасында ар кандай пикирлерди айтып келишет. Биз коомчулукка жоолуктун маани-маңызын, сообун, пайдасын ушундай иш-чаралар аркылуу жеткирүүбүз керек”,-деди Нематулла ажы.