Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев ата-энелердин жыйынына катышып, балага татыктуу тарбия берүү боюнча баяндамасын жасады

Кечээ, 4-февралда Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Кара-Суу районуна караштуу №66 В.И.Ленин атындагы орто мектебинде болуп өткөн ата-энелер жыйынына катышты.

Жыйында Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, Кара-Суу районунун башкы имам хатиби Абдирашит Батыров, ата-энелер комитетинин төрагасы Нурлан Коочкорбаев, мектеп директору Буажар Калбаева, укук коргоо органдары, мектеп мугалимдери жана ата-энелер катышты.

Иш-чарада Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев перзентке кам көрүү, балдарга туура таалим-тарбия берүү жана мугалимди сыйлоо боюнча баяндамасын жасады.

«Анфал» сүрөсүнүн 28-аятында перзент – Кудай Таала тарабынан аманат катары берилгенин эске салат. Балага татыктуу тарбия берүү үйдөн, ал эми билим алуусу мектептен. Ошондой эле бизге билим берген мугалимдерибизге урмат кылышыбыз керек. Балдырдын өсүп-өнүгүүсүнө биринчилерден болуп ата-энелер салым кошсо, андан кийинкиси эле мугалимдер. Ошондуктан   мугалимдер жамааты билим берүү сапатына көңүл буруусу зарыл», -деди Самидин кары Атабаев.