Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков район-шаарлардын баш имам хатибтеринин иш мерчемдерин бекитти

Кечээ, 4-февралда Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков район-шаарлардын баш имам хатибтерине алгачкы жыйынын өткөрдү. 

Жыйында баш имам хатибтердин 2021-жылга карата түзүлгөн иш мерчемдерине кол коюп, аткара турган иштерине ийгилик, үй-бүлөлөрүнө амандык каалады.

«Облустук казыятыбыздын ишин илгерилетип, ийгиликтерге жетишээрине жана ошондой эле үзгүлтүкө учурашына себепчи боло турган да сиздер болосуздар. Ошондуктан сиздерди казыятыбыздын ийгилиги,  жаш муундарыбыздын жаркын келечеги үчүн талыкпай иштей берүүгө чакырамын. Облусубузда динибиздин асыл баалуулуктарын жайылтууда ар бириңиздердин ордуңуздар бар”,-деди облус казысы.