Ош облусунда медресе мүдүрлөрүнө жыйын болуп, жыл ичинде аткарылуучу иш паландар талкууланды

Кечээ, 4-февралда Ош облусунун мусулмандар казыятынын жыйындар залында Ош облусуна караштуу медресе мүдүрлөрүнө жыйын болуп, жыл ичинде аткарылуучу иш пландар,  диний окуу жайлар арасында көчмө жыйындар, медресе окутуучуларынын квалификациялык билим деңгээлин жогорулатуу жана ДИМК тарабынан көрсөтүлгөн каттоо иштерин жүргүзүү маселелери талкууланды.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, ДИМКнын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Ош облустук мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев жана Ош облусуна караштуу медресе мүдүрлөрү катышты.

Жыйында облус казысы Самидин кары Атабаев медресе окутуучуларынын квалификациялык билим деңгээлин жогорулатуу жана аны тажрыйбаларын үчүн атайын илимий макалалар менен иштешүү зарылчылыгын баса белгилеп, бул жаатта казыят менен тыгыз иш алып барууга чакырды.

«Оштогу диний окуу жайларда диний билими жогору окутуучуларыбыздын саны арбын. Жок деген бир айда  бир жолу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, казыяттын маалымат бөлүмүнө жиберип турса, биз аны расмий баракчаларыбыз аркылуу коомубузга чагылдырып беребиз. Ошондой эле тажрыйба арттыруу максатында көчмө жыйындар жана көчмө окутууларды уюштуруубуз кажет», — деди Самидин кары Атабаев.

Ал эми ДИМКнын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү саясаты, ДИМК тарабынан көрсөтүлгөн 6 форманы өз убагында толтуруу, диний экстеримизм жана террозимди алдын алуу, дин багытындагы мыйзам актылары, милдеттери, укуктары жана чечүү жолдоруна токтолду.