Ананьев айылындагы мечитинин эскилиги жеткен хужурканасы бузулуп, ордуна жаңысы салынууда

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Ананьев айылындагы “Молдо Мубаарак”  мечитинин хужурканасы жаңыланганы турат.  Бул тууралуу аталган райондун баш имам хатиби  Максат ажы Сейталиев билдирди.

Анын айтымында демилгени  “Молдо Мубаарак”  мечитинин имамы Бекбосын Дияров  көтөрүп, ал  жергиликтүү жамаат тарабынан колдоо тапкан  жана курулуш иштерине  айыл тургундары өз ыктыяры менен 50 миң сом акча каражатын  топтоп беришти. Бүгүнкү күндө хужуркананын эски имаратын бузуу аракеттери көрүлүп, жаңысын салууга  материалдар  даярдалууда.

“Ананьев айылындагы “Молдо Мубаарак”  мечитинин хужурканасы эскирип,  чатырынан  суу кире баштаган экен. Ичи нымдашып  жергиликтүү жамааттын иш алып баруусуна тоскоолдуктар жаралгандыгына байланыштуу мечиттин имамы жаңы хужуркана салууну демилгелеп, учурда  курулуш иштери жигердүү аткарылууда. Белгилей кетсем курулуш иштерин айыл жаштары Аллахтын ыраазычылыгы үчүн акы албай жасап жатышат”,- деди райондун баш имам хатиби  Максат ажы Сейталиев.