Бишкек шаарында “Muslim brand” кийим көргөзмөсү өттү (фото)

Кечээ, 3-февралда Бишкекте мусулмандар ыңгайлашып тигилген “Muslim brand” көргөзмөсү өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, КМДБнын Аппарат жетекчиси Равшан ажы Эратов, Акимжан ажы Эргешов, Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Фархат ажы Юсупов жана шаар тургундары катышты.

Көргөзмөдө дизайнерлердин эмгектери көрсөтүлүп, анда мусулмандар үчүн ыңгайлашып тигилген эркектердин, айымдардын жана кичинекей балдардын кийимдердин  эл назарына тартууланды.

Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев өз сөзүндө кийимдер жарандар үчүн ыңгайлуу жана сапаттуу болушу керектигин айтып, бул көргөзмөдөн дин кызматкерлери үчүн ыңгайлуу кийимдер бар экенин белгилеп, уюштуруучулардын мындан аркы ишине ийгиликтерди каалады.

“Экономикалык жактан өнүгөлүк десек ушундай жеке ишкерлерди колдоого алып, аларга дайыма мүмкүнчүлүк түзүп беришибиз керек. Биз өзүбүздүн өндүрүштөн чыккан кийимби же азык-түлүк болобу сатып алуу менен улуттук ата-мекендик өндүрүштү колдоого алалы. Мен бул көргөзмөдө өзүбүздүн дин кызматкерлери үчүн ыңгайлуу эки кийимди тандап алдым”,-деди Жоробай ажы Шергазыев.