Кант хатибияты Төмөнкү Серафимовка айылындагы карылар жана майыптар үйүнөн кабар алышты


Чүй облусуна караштуу Кант шаарынын хатибияты жергиликтүү жаамат менен биргеликте, Төмөнкү Серафимовка айылындагы карылар жана майыптар үйүндө баш калкалап жаткан карылардан кабар алып, аларга ысык тамак уюштурушту.

Аталган иш-чара хатибияттын демилгеси менен уюштурулуп, ага жергиликтүү жаамат демөөрчүлүк кылышты. Ысык тамак менен биргеликте, намаз окуйм дегендерге «Намаз китепчелери» белекке берилди.

Кант шаарынын баш имам хатиби Пазыл ажы Абдырахманов белгилегендей, Төмөнкү Серафимокадагы 500гө жакын кары-картаңдар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер жашайт.

«Өтө кейиштүү көрүнүшкө күбө болдук. Аталган карылар үйүндө алты саны аман, бала-чакасы бар ата-энелер да баш калкалашат экен. Мындай нерсе мусулман пендеге жат көрүнүш болот. Ата-энелерибиз барда, аларга кызмат кылып, алардын батасын алып, өзүбүздүн бейишибизди куруп алалы. Кудайым буюрса мындай үйлөр мамлекетибизде тап-такыр жоголот деп үмүт жана дуба кылабыз», — деди Пазыл ажы Абдырахманов.