Кемин районунун имамдарына диний билимдерин жогорулатуу максатында 3 күндүк окуу семинары өткөрүлдү


Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы имамдарынын диний билимин жогорулатуу максатта, райондук хатибияттын демилгеси менен окутуу уюштурулду.

Аталган иш-чарага райондогу 13 имам катышып, жалпысынан окутуу 3 күнгө созулду. Аталган окутуу Бишкек шаарындагы Ак-Өргө конушунда жайгашкан «Имам Сарахси» медресесинде өткөрүлүп, имамдарга аты аталган медресенин окутуучулары сабак беришти.

3 күн ичинде имамдар Ислам акыйдасы, фикх, мурас, имамчылык, жамаат менен иштешүү, Ислам динидеги үй-бүлө темаларында сабак алышты. Кемин районунун баш имам хатиби Куттубек ажы Дүйшөбаев белгилегендей, мындай окутуулар байма-бай өтүп турмакчы.

«Илим алуу – ар бир мусулманга парз. Билгенибизден билбегенибиз көп демекчи, райондогу имамдар менен биргеликте илим алуу максатта, борбор калаадагы медресеге келип, устаздардан көп нерсени окудук. Кудайым буюрса бул иш-чара жемиштүү болуп, мындан ары да токтобостон улана бермекчи. Учурдан пайдаланып «Имам Сарахси» медресесинин эмгек жамаатына ыраазычылык билдиребиз», — деди баш имам хатиб.