![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2021/02/WhatsApp-Image-2021-02-01-at-10.50.38.jpeg)
Кара-Суу райондук хатибиятынын адиси Нуралы Кошой уулу Кара-Суу районуна караштуу М.В. Ломоносов мектебинде болуп өткөн ата-энелердин чогулушуна катышты.
Иш-чарага Кара-Суу райондук администрациянын өкүлү Нурлан Кочкорбаев, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлү, ИИМдин өкүлдөрү жана мектеп окуучуларынын ата-энелер жамааты катышты.
Иш-чарада Кара-Суу райондук хатибиятынын адиси Нуралы Кошой уулу ата-энелердин жана мугалимдердин балдарга таалим-тарбия берүүдө орду чоң экенин баса белгилеп, илим алуунун маанилүүгүнө токтолду.
«Курандын эң эле алгачкы аятында окуу боюнча буйрук берилген. Учурда атайын окуу жайлар, мектептер, медреселер курулуп, балдарга таалим-тарбия берилип келет. Ата-энелер балдары жакшы окуусу үчүн бардык шарттарды камсыздап берүүсү зарыл. Пайгамбарыбыз (с.а.в) бир хадисинде «Илим алуу бардык мусулмандарга парз» деген. Балдарга болгон тарбия, эртеңки келечек», — деди Нуралы Кошой уулу.