Майлуу-Суу шаардык хатибиятына 48 500 сомдук акчалай жардам көрсөтүлдү

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык хатибияты 2021-жылдын февраль айы ичинде аталган шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жалпы жолунан 48 500 сом акчалай жардам көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков билдирди.

Анын айтымында, көрсөтүлгөн жардамдын 18270 сому  1-топтогу майып Таалайбек кызы Заринага операция жасоо үчүн берилген. Калган 30 230 сом башка муктаждарга тапшырылды.

“Шаар тургундары жана мечит жамааттары муктаждарга жардам колун узатуу максатында өз ыктыярлары менен каражаттарын хатибиятка жыйнап беришет. Шаардык хатибият тизмебизде турган аз камсыз үй-бүлөлөргө бөлүштүрүп беребиз. Бардык жардам көрсөткөн тургундарыбызга амандык тилейбиз”,-деди Абсатар ажы.